# 6-статья. Банктык сырды ачыкка чыгаруу

- Документ: [Банктык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 122 "Банктык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2009 года № 160 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банковской тайне"](https://aqlex.ai/kg/doc/202645)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1079#diff=764641..764642>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1027/edition/764639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1079/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык сыр жөнүндө, 6-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-6

---

1. Банктык сырды билдирген маалыматтарды оозеки же жазуу жүзүндө, массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка жолдор менен жарыялоо же ачыкка чыгаруу, ошол маалыматтарды үчүнчү жакка билдирүү, түздөн-түз же кыйыр түрдө ушундай маалыматтарды алуусуна үчүнчү жакка мүмкүнчүлүктөрдү берүү, атап айтканда: уруксат берүү, маалыматтарды сактоо тартибин бузуунун кесепетинен аларды алууга тоскоолдук кылбоо же мүмкүнчүлүк берүүлөр банктык сырды ачыкка чыгаруу болуп эсептелет.

2. Банкка аудитордук, юридикалык, бухгалтердик, башка консультациялык же өкүлчүлүктүк кызматтарды көрсөтүшкөн же ал үчүн белгилүү бир иштерди аткарышкан жактарга банктык сырды камтыган ошондой эле, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалыматтардын банк тарабынан билдирилиши же берилиши, бул ошол кызматтарды көрсөтүү же иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон шартта жана ошол жактар ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген иш-аракеттерден же аракетсиздиктен кармана билсе, банктык сырды билдиргендик деп эсептелбейт.

((КР 2009-жылдын 19-майындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-7)
