# 121-статья. Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу

- Документ: [Банктык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 122 "Банктык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2016 года № 91 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банковской тайне")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1079#diff=764642..764643>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1027/edition/764639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1079/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык сыр жөнүндө, 121-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-121

---

1. Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу ушул Мыйзамга ылайык банктык сырды ачыкка чыгаруу болуп эсептелбейт. Кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн берилүүчү жана таратылуучу, кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталуучу кредиттик маалымат банктык сырды түзгөн маалыматтар деп түшүнүлөт. Мында кредиттик маалыматты алмашуу максаттары үчүн кардардын (корреспонденттин) эсептери (аманаттары) боюнча операциялар тууралуу маалыматтар күрөө предмети катары чыккан акча каражаттары жөнүндө маалыматтарды, кепилдик же кепилчилик түрүндө берилген камсыздоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү жана таратуу менен чектелет.

2. Банктар өз кардарларынын - кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен банктык сырды түзгөн маалыматтарды кредиттик бюрого берет.

Кредиттик бюролор кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен банктык сырды түзгөн маалыматтарды кредиттик маалыматтарды пайдалануучуларга берет.

3. Банктардын, кредиттик бюролордун жана кредиттик маалыматтарды пайдалануучулардын ортосундагы банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө тартипке жана мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 28-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-12)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1079/st-13)
