# 7-статья. Лизингдин формалары жана түрлөрү

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 октября 2025 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032360)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.10.2025 [Закон КР от 9 октября 2025 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032360); 19.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230003165); 04.07.2005 [Закон КР от 4 июля 2005 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1693)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=5582..38389>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 7-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-7

---

Ички лизинг - лизингдин формасы, мында лизинг берүүчү жана лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушат. Эл аралык лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчү жана лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушпайт. Кайтарымдуу лизинг - лизингдин түрү, мында сатуучу ишкердик максатта лизингдик бир укуктук мамиленин чегинде бир эле учурда лизинг алуучу катары чыга алат. Ошол эле учурда ишкердик максатта жеке ишкерлер жана юридикалык жактар (анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери) гана кайтарымдуу лизингдин катышуучулары боло алышат. Сублизинг - лизингдин түрү, мында лизинг алуучу (лизинг берүүчү) ушул Мыйзамга жана лизинг келишимине ылайык мурда лизинг берүүчүдөн лизинг келишими боюнча алынган жана лизингдин предметин түзгөн мүлктү сублизинг келишимине ылайык акы жана мөөнөт менен үчүнчү жакка (сублизинг алуучуга) убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга өткөрүп берет. Мында сублизинг берүүчү жана сублизинг алуучу лизинг берүүчү жана лизинг алуучу катары чыгышат жана ушул Мыйзамда лизингдик бүтүмдүн ушул катышуучулары үчүн аныкталган укуктарга ээ болушат жана милдеттерди алышат. Сублизинг келишиминин мөөнөтү лизинг келишиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. Экинчи лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчүнүн менчигинде калган лизингдин предмети лизинг келишими токтотулган же бузулган учурда ушул Мыйзамга ылайык башка лизинг алуучуга лизингге берилет. Лизингдин мындай предметин лизингге кийинки берүүдө сатуучуну жана лизингдин предметин лизинг берүүчү тандаган деп эсептелет. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-8)
