# 51-статья. Лизинг ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230003165)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=284058..5582>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 51-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-51

---

1. Лизинг иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2024-жылдын 19-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-5)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-6)
