# 5-статья. Лизинг компаниялары

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 октября 2025 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032360)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.10.2025 [Закон КР от 9 октября 2025 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032360); 19.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230003165)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=5582..38389>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 5-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-5

---

1. Лизинг компаниясы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өзүнүн уюмдаштыруу документтерине ылайык лизинг берүүчүнүн ишин аткаруучу коммерциялык уюм (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес).

2. Юридикалык, жеке жактар лизинг компанияларынын уюмдаштыруучулары болушу мүмкүн (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес).

2-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ачык акционердик коом формасында мамлекеттик лизинг компаниясы түзүлүшү мүмкүн.

3. Лизинг компаниясы - Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - Кыргыз Республикасынын аймагында лизингдик иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк юридикалык жак.

4. Лизинг компаниясы юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы каражаттарын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте лизинг ишин жүзөгө ашыруу үчүн тартууга укуктуу.

5. Төмөнкүлөр лизинг компанияларынын уюштуруучулары боло албайт:

а) оффшордук зоналардын аймагында жашаган жана/же катталган жеке жана юридикалык жактар;

б) тизмеси террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү, алар боюнча террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде турган жеке жана юридикалык жактар жана/же катышуучу катары аффилирленген жактары бар жактар.

Лизинг субъекттери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. (КР 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы №208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-4)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-51)
