# 4-статья. Лизинг субъекттери

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 октября 2025 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032360)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.10.2025 [Закон КР от 9 октября 2025 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032360); 19.03.2024 [Закон Кыргызской Республики от 19 марта 2024 года № 71 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230003165); 04.07.2005 [Закон КР от 4 июля 2005 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1693)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=5582..38389>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 4-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-4

---

1. Төмөнкүлөр лизингдин субъекттери болуп саналат:

- лизинг берүүчү - лизинг келишимин ишке ашыруунун жүрүшүндө тиешелүү лицензиясынын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте мүлктү өзүнүн жана/же заемдук каражаттардын эсебинен менчикке сатып алып жаткан жана аны белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү бир шарттарда белгилүү бир акыга лизинг алуучуга лизинг предмети катары убактылуу ээлик кылууга жана лизинг предметине менчик укугунун лизинг алуучуга өтүүсү менен же өтпөстөн пайдаланууга берип жаткан юридикалык жак;

- лизинг алуучу - лизинг келишимине ылайык лизинг предметин белгилүү бир мөөнөткө белгиленген акыга жана белгиленген шарттарда лизинг келишимине ылайык убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга кабыл алууга милдеттүү болгон юридикалык жак (анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери), жеке жак, жеке ишкер;

- сатуучу - лизингдин предмети болгон мүлктү белгиленген мөөнөттө лизинг алуучуга сатуучу жеке адам же юридикалык жак.

Лизинг предметине карата лизинг алуучунун жана лизинг берүүчүнүн милдеттенмелерин айкалыштырууга жол берилбейт. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-5)
