# 22-статья. Лизинг компанияларынын эсепке алуусу жана отчеттуулугу

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 октября 2025 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032360)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=5582..38389>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 22-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-22

---

1. Лизинг предметин эсепке алуу жана амортизацияны эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Лизинг компаниясы "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен отчеттуулуктун мөөнөттөрүнө жана формасына ылайык өзүнүн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүзөгө ашырууга жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө, ошондой эле финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берүүгө милдеттүү.

3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн лизинг компаниялары өзүнүн капиталынын жетиштүүлүгүнүн пруденциялык ченемдерин, лизинг портфелинин ликвиддүүлүк ченемдерин жана сапат ченемдерин сактоого милдеттүү. Лизинг компанияларынын отчеттуулукту берүүсүнүн тартиби жана формалары, пруденциялык ченемдеринин маанилерин эсептөөнүн эрежелери жана усулдугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

(КР 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-23)
