22-статья. Лизинг компанияларынын эсепке алуусу жана отчеттуулугу
Күчүндө · 09.10.2025 редакциясы · 2-Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 октября 2025 года № 208
1. Лизинг предметин эсепке алуу жана амортизацияны эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Лизинг компаниясы "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен отчеттуулуктун мөөнөттөрүнө жана формасына ылайык өзүнүн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүзөгө ашырууга жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө, ошондой эле финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берүүгө милдеттүү.
3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн лизинг компаниялары өзүнүн капиталынын жетиштүүлүгүнүн пруденциялык ченемдерин, лизинг портфелинин ликвиддүүлүк ченемдерин жана сапат ченемдерин сактоого милдеттүү. Лизинг компанияларынын отчеттуулукту берүүсүнүн тартиби жана формалары, пруденциялык ченемдеринин маанилерин эсептөөнүн эрежелери жана усулдугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 октября 2025 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"Редакцияларды салыштыруу
09.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Лизинг компанияларынын эсепке алуусу жана отчеттуулугу
1. Лизинг предметин эсепке алуу алынып салынды: Лизингди эсепке алуу жана алынып салынды: амортизациялык эсептөөлөр кошулду: амортизацияны эсептөө Кыргыз Республикасынын кошулду: салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
кошулду: 2. Лизинг компаниясы "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен отчеттуулуктун мөөнөттөрүнө жана формасына ылайык өзүнүн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүзөгө ашырууга жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө, ошондой эле финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берүүгө милдеттүү.
3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн лизинг компаниялары өзүнүн капиталынын жетиштүүлүгүнүн пруденциялык ченемдерин, лизинг портфелинин ликвиддүүлүк ченемдерин жана сапат ченемдерин сактоого милдеттүү. Лизинг компанияларынын отчеттуулукту берүүсүнүн тартиби жана формалары, пруденциялык ченемдеринин маанилерин эсептөөнүн эрежелери жана усулдугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1078/st-22" title="22-статья - Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>