# 21-статья. Лизингдик төлөмдөр

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2005 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1693)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=284057..284058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 21-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-21

---

1. Лизинг келишими боюнча берилген лизингдин предметин пайдалангандык үчүн акыны лизинг алуучу лизинг берүүчүгө төлөнүүчү лизингдик төлөмдөр катары берет.

Лизингдик төлөмдөр лизинг алуучунун лизинг берүүчүгө лизингдин предметин алууга кеткен сарптоолорунун баарынан же көпчүлүк бөлүгүнөн, ошондой эле лизингдин предметин берүүгө жана аны арналышы боюнча пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө байланыштуу башка сарптоолордон жана лизинг берүүчүнүн проценттик кирешесинен турат. Лизингдик төлөмдөрдүн өлчөмү, ыкмасы, формасы жана мезгилдүүлүгү лизинг келишими менен белгиленет. Эгерде лизинг алуучу жана лизинг берүүчү лизингдик төлөөлөр боюнча эсептешүүлөрдү лизинг предметинин жардамы менен өндүрүлгөн продукция (натуралай түрүндө) ишке ашырышса, анда бул продукцияга баа тараптардын макулдугу менен лизинг келишими боюнча аныкталат.

2. Эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучуга лизингдик төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенме, лизинг алуучу лизинг предметин пайдалана баштаган учурдан тартып күчүнө кирет.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-22)
