# 20-статья. Лизинг предметин тескөө

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2005 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1693)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=284057..284058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 20-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-20

---

1. Лизинг берүүчү эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучуга жазуу жүзүндө кабарлоо менен лизингдин предметин өз каалоосуна жараша пайдаланууга укуктуу.

2. Эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн макулдугу менен лизингдин предметин сублизингге берүүгө, лизинг келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка жакка өткөрүп берүүгө, ошондой эле өзүнүн лизинг алуучулук укугун күрөөгө коюуга жана чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары же өндүрүштүк кооперативге пайлык взнос катары кошууга укуктуу.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-21)
