2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 09.10.2025 редакциясы · 1-Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июля 2005 года № 95
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылды: лизинг - лизинг келишимин ишке ашырууга, анын ичинде лизинг предметин сатып алууга байланыштуу келип чыккан экономикалык жана укуктук мамилелердин жыйындысы; лизинг келишими - ушул келишимге ылайык ижарага берүүчү (мындан ары - лизинг берүүчү) ижарага алуучу (мындан ары - лизинг алуучу) тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү өзү (лизинг алуучу) аныктаган сатуучудан менчикке сатып алууга жана лизинг алуучуга ал мүлктү акы төлөп убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенген келишим. Мында лизинг келишими төмөнкүдөй бир же андан көп белгилерди камтууга тийиш, алар:
- лизинг келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лмзингдин предмети лизинг алуучунун менчигине өтөт;
- лизинг келишиминде лизинг алуучунун лизингдин предметин лизинг келишими аяктагандан кийин лизинг келишиминде көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алуу укугу каралган;
- лизинг келишиминин мөөнөтү лизингдин предметинин экономикалык кызмат өтөө мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашык эмес (мындай учурда менчик укугу лизинг алуучуга өткөрүп берилбеши мүмкүн);
- рыноктук ставка боюнча аныкталган лизингдик төлөмдөрдүн суммасы лизингдин предметинин наркынын 90 процентинен кем эмес болууга тийиш;
- лизингдин предмети негизги каражат болуп эсептелет жана өзгөчө мүнөзгө ээ, ошондуктан аны лизинг алуучу гана орчунду модификациялоосуз пайдалана алат.
Лизинг келишиминде сатуучуну жана сатып алынуучу мүлктү лизинг берүүчүнүн тандоосу каралышы мүмкүн. лизинг иши - лизинг келишими боюнча лизинг берүүчүнүн менчик жана/же заемдук каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1078/st-2" title="2-статья - Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>