# 18-статья. Лизинг келишиминин предметине укуктарды мамлекеттик каттоо

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 18-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-18

---

1. Мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон лизинг келишиминин предметине укук лизинг берүүчүнүн атына катталат, ал эми лизинг алуучу келишим предметин пайдалануучу катары катталышы мүмкүн. Лизинг келишиминин предметин каттоону жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары тараптар тарабынан лизинг келишиминде белгиленет.

2. Тараптардын макулдашуусу боюнча лизинг берүүчүнүн атына лизинг келишиминин предметине укуктарды каттоо лизинг берүүчү тарабынан лизинг алуучуга ыйгарылып берилиши мүмкүн. Мында каттоо документтеринде мүлктүн менчик ээси жана ээлик кылуучу (пайдалануучу) жөнүндө маалыматтар сөзсүз көрсөтүлөт.

3. Лизинг келишими бузулган жана лизинг берүүчү лизинг предметин алып койгон учурда, лизинг берүүчүнүн арызы боюнча лизинг алуучуга лизинг келишиминин предметине укуктарды каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик орган ээлик кылуучу (пайдалануучу) жөнүндө жазууга тиешелүү өзгөртүү киргизет.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-19)
