# 16-статья. Лизинг берүүчүлөрдүн жана лизинг алуучулардын өз укуктарын үчүнчү жактарга ыйгаруусу

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 16-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-16

---

1. Лизинг берүүчү лизинг алуучуга жазуу жүзүндө маалымдоо менен лизинг келишими боюнча өз укугун жана милдеттерин толугу менен же жарым-жартылай үчүнчү жакка ыйгарып бериши мүмкүн.

2. Лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты менен лизинг келишими боюнча өз укугун жана милдеттерин толугу менен же жарым-жартылай үчүнчү жакка ыйгарып бериши мүмкүн.

3. Лизинг предметине карата менчикке укук лизинг берүүчүдөн үчүнчү жакка өткөн учурда лизинг келишими жаңы ээлик кылуучу үчүн күчүндө калат.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-17)
