# 13-статья. Лизинг субъекттеринин жоопкерчиликтери

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2005 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1693)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=284057..284058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 13-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-13

---

1. Лизинг берүүчүнүн, лизинг алуучунун жана сатуучунун жоопкерчиликтери лизинг келишими, соода-сатык келишими жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

2. Лизинг предметин мүлктүк чыгымга учуроонун бардык түрүнөн сактоо үчүн, ошондой эле лизинг предметин иш жүзүндө кабыл алуу учурунан тартып жоголуп кетишине, жараксыз болуп калуусуна, уурдалып кетишине, сынып калышына, аны монтаждоо жана пайдалануу учурунда катачылыктарга жол берилишине байланыштуу тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик, лизинг келишиминде башкасы каралбаса, лизинг алуучуга жүктөлөт.

3. Эгерде лизинг келишиминде башкасы каралбаса, сатуучу тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калышы же ойдогудай аткарылбай калуу коркунучу үчүн, лизинг келишиминде сатып алуучуну тандап алган тарап жооп берет.

4. Лизинг предметинен улам, же аларга байланыштуу келтирилген зыян үчүн үчүнчү жактын алдында лизинг берүүчүгө жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн эмес.

5. Сатуучу менен мамилелерде лизинг алуучу жана лизинг берүүчү шериктеш кредиторлор катары иш алып барышат.

6. Эгерде лизинг алуучу лизинг предметин лизинг берүүчүгө өз учурунда кайтарбай койгондугу үчүн лизинг алуучу тарабынан үстөк айып төлөө каралган болсо, лизинг келишиминде башкасы каралбаса, кеткен чыгымдар лизинг алуучудан үстөк айыптан тышкары толук суммада өндүрүлүп алынышы мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-14)
