# 12-статья. Сатуучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 12-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-12

---

1. Сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана соода-сатык же жөнөтүү келишимине ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болот.

2. Лизинг алуучу лизинг келишиминин предмети болуп саналган мүлктү түздөн-түз сатуучуга, сатуучу менен лизинг берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн соода-сатык келишиминен улам келип чыккан талаптарды, атап айтканда, мүлктүн сапатына жана комплектүүлүгүнө, аны жөнөтүүнүн мөөнөттөрүнө жана сатуучу тарабынан келишимдин тиешелүү түрүнүн аткарылышына байланыштуу талаптарды түздөн-түз коюуга укуктуу. Мында лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн макулдугусуз сатуучу менен соода-сатык келишимин бузуу жана сатып алынган мүлккө акы төлөө милдеттенмесинен тышкары сатып алуучу үчүн каралган укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.

Сатуучу бир эле учурда лизинг берүүчүнүн жана лизинг алуучунун алдында бир эле зыян боюнча жоопкерчилик тартууга тийиш эмес.

3. Эгерде лизинг келишими лизинг берүүчүнүн, лизинг алуучунун жана сатуучунун катышуусунда түзүлгөн болсо, анда сатуучунун укуктары жана милдеттери лизинг келишимине ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-13)
