# 11-статья. Лизинг алуучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2005 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1693)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=284057..284058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 11-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-11

---

1. Лизинг алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

а) лизинг келишиминин шарттарында лизинг предметине ээлик кылууга жана пайдаланууга;

б) лизингдин предметин сатуучуга (жөнөтүүчүгө) сапатына, комплектүүлүгүнө жана берүү мөөнөтүнө карата талаптарды жана сатуучу (жөнөтүүчү) менен лизинг берүүчүнүн ортосунда соода-сатык келишиминде белгиленген жана башка талаптарды түздөн-түз коюуга;

в) лизинг предметинен баш тартууга болбосо лизинг предметин алмаштырууну же талап кылууга, лизинг предмети берилбеген учурда, мөөнөтү өтүп же лизинг предмети тиешелүүлүгү боюнча пайда алууга тоскоолдук кылган оңдолбогон кемчиликтери менен берилген учурларда лизинг келишимин бузууга укуктуу, мында лизинг алуучу тарабынан товар берүүчүнү тандаган учурду кошпогондо, лизинг келишиминде каралган шарттардагы багыт боюнча болушу керек эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса;

г) эгерде лизинг келишиминде башкасы каралбаса, лизинг келишими токтотулгандан кийин лизинг алуучунун өз каражаттарынын эсебинен лизинг берүүчүгө макулдашуу менен жүргүзүлгөн лизингдин предметин жакшыртуунун наркынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга;

д) эгерде лизинг келишиминде каралган пайдалануу шартына жооп бербестен начарлап кетсе лизинг төлөмдөрүнүн суммасын тиешелүү азайтууну талап кылууга эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса;

е) лизинг келишими боюнча алынган лизинг предметин лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу, ошону менен бирге эле лизинг келишими боюнча анын алдында жоопкерчиликтүү бойдон калуу менен үчүнчү жакка сублизингге берүүгө, мында лизинг предметин ижарага берүү мөөнөтү лизинг жөнүндө келишимдин иш-аракеттеги мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

2. Лизинг алуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

а) эгерде ал лизинг жөнүндө келишимдин шарттарына жооп берсе, лизинг предметин кабыл алууга жана лизинг жөнүндө келишимге ылайык багытталышына жараша лизинг предметин пайдаланууга;

б) эгерде лизинг жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, өз каражатынын эсебинен лизинг предметин техникалык жактан тейленүүсү, аны капиталдык жана утурумдук ремонттон өткөрүүнү (анын ичинде лизинг предметине байланыштуу тиешелүү коммуналдык төлөмдөрдү төлөөнү), жүзөгө ашырууга;

в) лизинг берүүчүгө анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды берүүгө;

г) эгерде келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында башкасы каралбаса, лизинг берүүчүгө лизинг предметине тоскоолсуз кирүүнү камсыз кылууга, ошондой эле өз убактысында лизинг берүүчүнүн суроо-талабы боюнча лизинг предметинин техникалык абалы жөнүндө суроо-талап түшкөн күнү жазуу жүзүндө маалыматты берүүгө;

д) лизинг келишими токтотулган учурда лизинг берүүчүгө лизингдин предметин нормалдуу пайдалангандыкты эске алуу менен же лизинг келишиминде каралган баштапкы калыбында кайтарып берүүгө.

3. Лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана лизинг келишиминде белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-12)
