# 10-статья. Лизинг берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1078)
- Документтеги орду: 2-Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы № 121 "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2005 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О финансовой аренде (лизинге)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1693)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078#diff=284057..284058>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1026/edition/284057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1078/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө, 10-статья (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-10

---

Лизинг берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

а) мөөнөтү өтүп кеткен өзүнө тиешелүү лизингдик төлөмдөрдү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;

б) лизинг алуучунун ишинин лизингдин предметине жана лизинг алуучу тарабынан лизинг келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышына тиешелүү бөлүгүнө контролдукту жүзөгө ашырууга;

в) лизинг алуучу тарабынан лизинг предметин кайтаруу боюнча милдеттенмелер бузулган учурда мөөнөтү өткөн убакыт үчүн төлөмдөрдү төлөөнү жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;

г) лизинг алуучудан анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жазуу формасындагы маалыматтарды талап кылууга;

д) лизинг предметине бул предмет лизинг берүүчүнүн менчиги болуп саналаарын жана лизинг келишимине ылайык ал лизинг алуучунун ээлигинде тургандыгын жана пайдаланылып жаткандыгын күбөлөндүргөн маркалоо укугуна;

е) ушул Мыйзамда каралган учурларда лизинг алуучудан лизинг предметин талап кылууга.

2. Лизинг берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) сатуучудан лизинг алуучу менен макулдашылган лизинг предметин менчикке сатып алууга жана аны лизинг келишиминде айтылган шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга лизинг алуучуга өткөрүп берүүгө;

б) лизинг предметин алгандан кийин ал белгилүү бир жакка (лизинг алуучуга) лизингге өткөрүп берүү үчүн арналгандыгын сатуучуга жазуу жүзүндө маалымдоого;

в) экинчи лизингде тийиштүү келишимине кол коюлган учурдан баштап 30 күндүн ичинде сатуучуга лизинг алуучунун өзгөргөнү жөнүндө кабарлоого.

3. Лизинг берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана лизинг келишиминде белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1078/st-11)
