# Закон КР от 8 июля 2002 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1020/edition/855389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 8 июля 2002 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики" (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1072

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Бишкек шаары, 2002-жылдын 8-июлу № 115

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1072/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 7, 229-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 18-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Он төрт жашка толгон" деген сөздөр "Кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка толгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 123-статьяда:

үчүнчү бөлүк "каралган жосундар" деген сөздөрдөн кийин "акча алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктан жаш балага (кызга) карата, же" деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; эскертүү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "Он төрт жашка толо элек адам жаш бала (кыз) деп эсептелет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1072/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

2002-жылдын 6-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
