# Закон КР от 8 июля 2002 года N 114 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1019/edition/859164/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 8 июля 2002 года N 114 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики" (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1071

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Бишкек шаары, 2002-жылдын 8-июлу № 114

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу Кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1071/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, N 3, 156-ст.) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 50-статьянын экинчи бөлүгүнүн 2-пункту "оор кылмыштар" деген сөздөрдөн мурда "чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар, анча оор эмес кылмыштар үчүн," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 145-статьяда:

экинчи бөлүктөгү "соттолгондун жасалган жосунга карата мамилеси" деген сөздөр алып салынсын; тогузунчу бөлүктөгү "токтом чыгарууга" деген сөздөр "токтомду сотко киргизүүгө" деген сөздөр менен алмашылсын; онунчу жана он биринчи бөлүктөрдөгү "аныктама" деген сөз "токтом" деген сөз менен алмашылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1071/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

2002-жылдын 6-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
