# 4-статья. Аксакалдар сотторунун иш-милдеттери

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2003 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О судах аксакалов»"](https://aqlex.ai/kg/doc/1284)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070#diff=799553..799554>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 4-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-4

---

Аксакалдар соттору:

- жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте жарандык иштер боюнча жергиликтүү соттор тарабынан жөнөтүлгөн;

- жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык коомдук таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн соттор, прокурорлор, прокурордун санкциясы менен тергөө жана алгачкы тергөө органдары тарабынан жөнөтүлгөн кыскартылган жазык иштери боюнча материалдарды.

Аксакалдар соттору тарабынан, ошондой эле тараптарды жана ушул Мыйзамда каралган башка иштерди жараштырууга жетишүү максатында мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүү үчүн жарандардын өздөрүнүн арызы боюнча (тараптардын макулдугу менен) иштер каралышы мүмкүн. Аксакалдар соттору мурда эле сот чечими чыгарылган, администрациялык жаза чаралар көрүлгөн же өзүнүн компетенциясынын чегинде аксакалдар сотунун чечими чыккан материалдарды кароого акысыз. (КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-5)
