# 32-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 32-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-32

---

Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасын аксакалдар соту жайгашкан аймактагы райондук же шаардык сот тарабынан берилет. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз анын пайдасына чечим чыгарган тараптын аймагында турган райондук же шаардык сотко берилет. Арыз чечимди аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилиши мүмкүн. Арызга аксакалдар сотунун чечими аткарылбай калгандыгын ырастоочу документтер тиркелет. Белгиленген мөөнөтүнөн өткөрүү менен, болбосо зарыл документтер тиркелбей берилген арыз, каралбастан райондук же шаардык сот тарабынан кайтарылып берилет. Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептерден улам өткөрүлүп жибергенде тараптардын өтүнүчү боюнча мөөнөт райондук же шаардык сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Арызды шаардык же райондук сот алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө судья жеке өзү карайт. Мында судья аксакалдар сотунун чечими Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамына ылайык келишин текшерет. Арызды кароонун жыйынтыктары боюнча аткартуу баракчасын берүү, болбосо аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-33)
