# 30-статья. Аксакалдар сотунун чечимдерине даттануунун тартиби

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 30-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-30

---

Аксакалдар сотунун чыгарган чечимине чечим чыгарылган адам жана ишти кароого катышкан башка адамдар тарабынан чечим чыгарылгандан тартып 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу аксакалдар соту түзүлгөн аймактагы райондук же шаардык сотко берилет. Даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде райондук же шаардык соттун судьясынын жеке өзү тарабынан каралат. Мында судья аксакалдар сотунун чыгарган чечими Кыргыз Республгкасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле иштин жагдайларына ылайык келишин текшерет. Эгерде райондук же шаардык сот даттанууну негиздүү деп тапса, анда ал жүйөлөштүрүү менен аксакалдар сотунун чечимин жокко чыгарат жана материалды кайра кароого жөнөтөт, болбосо ишти токтотот.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-31)
