30-статья. Аксакалдар сотунун чечимдерине даттануунун тартиби
Күчүн жоготкон · 19.02.2024 редакциясы · VI Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52.
Аксакалдар сотунун чыгарган чечимине чечим чыгарылган адам жана ишти кароого катышкан башка адамдар тарабынан чечим чыгарылгандан тартып 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу аксакалдар соту түзүлгөн аймактагы райондук же шаардык сотко берилет. Даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде райондук же шаардык соттун судьясынын жеке өзү тарабынан каралат. Мында судья аксакалдар сотунун чыгарган чечими Кыргыз Республгкасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле иштин жагдайларына ылайык келишин текшерет. Эгерде райондук же шаардык сот даттанууну негиздүү деп тапса, анда ал жүйөлөштүрүү менен аксакалдар сотунун чечимин жокко чыгарат жана материалды кайра кароого жөнөтөт, болбосо ишти токтотот.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1070/st-30" title="30-статья - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>