Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-статья. Таасир көрсөтүү чаралары
Күчүн жоготкон · 19.02.2024 редакциясы · V Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2003 года №158
Аскакалдар соту сотко тартылгандын күнөөсүн аныктоо менен төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирөөнү колдонуу жөнүндө чечим чыгарат:
а) эскертүү берүү;
б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в) коомдук уяткаруу жарыялоо;
г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эң төмөнкү үч айлык акыга чейинки өлчөмүндө акчалай жазапул салуу.
Үй-бүлөлүк талаш-тартышта сот каралып жаткан талаш-тартыштын негизи боюнча чечим кабыл алат. Эгерде аксакалдар соту мүлк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тараптардын жарашуусуна жетише албаса, ал каралып жаткан иштин негизи боюнча чечим кабыл алат. Администрациялык укук бузган адамга карата колдонулган коомдук таасир көрсөтүү чарасы жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттүн ичинде материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү. Сот адамдын кадыр-баркына шек келтирген жаза жөнүндө чечим чыгарууга акысы жок. Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана кеңири чечмеленүүгө жатпайт. Ушул Мыйзамда каралбаган таасир көрсөтүү чаралары колдонулган учурда, андай жаза мыйзамсыз деп эсептелет жана аткарууга жатпайт. (КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1070/st-28" title="28-статья - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>