# 27-статья. Соттун чечиминин формасы жана мазмуну

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 27-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-27

---

Аксакалдар сотунун чечими жазуу жүзүндө баяндалып, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- чыгарылган чечимдин убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, ишти кароого катышкан соттор менен адамдардын курамы;

- талаш-тартыштын предмети же укук бузуунун мазмуну;

- сот тарабынан аныкталган иштин жагдайы, иштин жагдайы жөнүндө сот чыгарган тыянактын далилдери, соттун тигил же бул далилдерди четке каккан жүйө-себептери;

- чечим кабыл алууда сот жетекчиликке алган мыйзамдар;

- каралган материал боюнча аксакалдар соту кабыл алган корутунду;

- кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби;

- чечимди аткаруунун мөөнөтү.

Чечимге аксакалдар сотунун заседаниесинде ал жарыяланганга чейин төрагалык кылуучунун жана соттун мүчөлөрүнүн колу коюлат.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-28)
