# 23-статья. Олуттуулугу боюнча ишти кароо

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2003 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О судах аксакалов»"](https://aqlex.ai/kg/doc/1284)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070#diff=799553..799554>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 23-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-23

---

Баш тартуу жана расмий өтүнүү жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу сотко тартылган адамдын жоругунун же укук бузуусунун олуттуулугун, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүнүн, ал эми жарандардын арыздары боюнча талаш-тартыштын жүйөсү жана маңызы боюнча натыйжасын баяндайт. Сот андан кийин сотко тартылгандын, жабырлануучунун, жоопкердин, күбөлөрдүн жана башка процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угат жана иш боюнча зарыл материалдардын бардыгын карайт. Процесске катышуучулар тарабынан толуктоолор жок болсо, төрагалык кылуучу ишти кароо аяктады деп жарыялайт жана сот чечим чыгаруу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет. Кандайдыр бир кошумча маалымдоолорду же маалыматтарды алуу зарыл болуп калган учурда, сот жоруктун же укук бузуунун жарандардын арызынын олуттуулугу боюнча чечим чыгарбастан туруп, кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө которууга укуктуу. Аксакалдар сотторунда ишти териштирүү акысыз жүргүзүлөт. (КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-24)
