23-статья. Олуттуулугу боюнча ишти кароо
Күчүн жоготкон · 19.02.2024 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2003 года №158
Баш тартуу жана расмий өтүнүү жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу сотко тартылган адамдын жоругунун же укук бузуусунун олуттуулугун, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүнүн, ал эми жарандардын арыздары боюнча талаш-тартыштын жүйөсү жана маңызы боюнча натыйжасын баяндайт. Сот андан кийин сотко тартылгандын, жабырлануучунун, жоопкердин, күбөлөрдүн жана башка процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угат жана иш боюнча зарыл материалдардын бардыгын карайт. Процесске катышуучулар тарабынан толуктоолор жок болсо, төрагалык кылуучу ишти кароо аяктады деп жарыялайт жана сот чечим чыгаруу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет. Кандайдыр бир кошумча маалымдоолорду же маалыматтарды алуу зарыл болуп калган учурда, сот жоруктун же укук бузуунун жарандардын арызынын олуттуулугу боюнча чечим чыгарбастан туруп, кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө которууга укуктуу. Аксакалдар сотторунда ишти териштирүү акысыз жүргүзүлөт. (КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1070/st-23" title="23-статья - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>