# 15-статья. Аксакалдар соттору караган иштер (материалдар)

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111571)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.04.2017 [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111571); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978); 30.07.2003 [Закон КР от 30 июля 2003 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О судах аксакалов»"](https://aqlex.ai/kg/doc/1284)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070#diff=799558..799559>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 15-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-15

---

Аксакалдар соттору төмөнкүдөй иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:

а) жарандардын мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштары жөнүндө:

- мүлктүк карыздарды төлөтүп алуу боюнча;

- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайра суратып алуу боюнча;

- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайтарып алуу боюнча;

- сактоого коюлган мүлктү кайтарып алуу боюнча;

- ижаралык төлөөнү өндүрүп алуу боюнча;

- зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу боюнча;

- жубайлардын жалпы орток мүлкүн бөлүштүрүү боюнча;

- улуттук нике мамилелери жана нике-үй-бүлө мамилелери менен байланышкан каада-салттар боюнча;

б) ата-энелердин, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;

в) бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин же аларды белгиленген тартипте тарбиялаган жана баккан адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;

г) эмгек келишими боюнча аткарылган иш үчүн акы төлөө жөнүндө;

д) жер участокторун пайдалануучулардын ортосундагы сугат боюнча талаштар;

е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча;

ж) адамдын жосунунда кылмыштын курамы болбогон учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 , 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-16)
