# 14-статья. Аксакалдар сотунун мүчөсүн соттун курамынан чыгаруу

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 14-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-14

---

Аксакалдар сотунун мүчөсү соттун курамынан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылышы мүмкүн:

- аксакалдар сотунун мүчөлүгүнөн баш тартуу;

- аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өлүмү;

- ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүүсү;

- жашаган жеринин өзгөрүшү (ошол калктуу конуштан көчүп кетүүсү);

- жазык жоопкерчилигине тартылуусу жана соттолуусу;

- аксакалдар сотунун мүчөсүн чакыртып алуу.

Аксакалдар сотунун мүчөсү аны шайлаган жарандардын жалпы чогулушу, тийиштүү Коомдук кеңештердин конференциясы, болбосо жергиликтүүкеңештердин сессиялары тарабынан:

- эгерде ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албаса;

- татыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу;

- эгерде укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасаса, кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

Соттун чыгарылган мүчөсүнүн ордуна аксакалдар сотунун жаңы мүчөсүн шайлоо ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт. Аксакалдар сотунун ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу соттун курамынан чыгарылган мүчөсү кайрадан шайланышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-15)
