14-статья. Аксакалдар сотунун мүчөсүн соттун курамынан чыгаруу
Күчүн жоготкон · 19.02.2024 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52.
Аксакалдар сотунун мүчөсү соттун курамынан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылышы мүмкүн:
- аксакалдар сотунун мүчөлүгүнөн баш тартуу;
- аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өлүмү;
- ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүүсү;
- жашаган жеринин өзгөрүшү (ошол калктуу конуштан көчүп кетүүсү);
- жазык жоопкерчилигине тартылуусу жана соттолуусу;
- аксакалдар сотунун мүчөсүн чакыртып алуу.
Аксакалдар сотунун мүчөсү аны шайлаган жарандардын жалпы чогулушу, тийиштүү Коомдук кеңештердин конференциясы, болбосо жергиликтүүкеңештердин сессиялары тарабынан:
- эгерде ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албаса;
- татыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу;
- эгерде укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасаса, кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
Соттун чыгарылган мүчөсүнүн ордуна аксакалдар сотунун жаңы мүчөсүн шайлоо ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт. Аксакалдар сотунун ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу соттун курамынан чыгарылган мүчөсү кайрадан шайланышы мүмкүн.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 39 "Бишкек шаарынын аксакалдар сотторунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 30.11.2017 · № 39
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-январындагы № 131-28 "Аксакалдар сотунун курамынан чыгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.01.2023 · № 131-28
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1070/st-14" title="14-статья - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>