# 13-статья. Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу билдирүү

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 13-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-13

---

Аксакалдар сотунун мүчөсү, эгерде ал талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо, иштерди (материалдарды) кароого катыша албайт. Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу билдирүү:

- ишке катышкан жактардын арызы боюнча;

- аксакалдар сотунун башка мүчөлөрүнүн арыздары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

Аксакалдар сотунун мүчөсү ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер менен өзүнүн баш тартуусу жүнүндөгү арызы боюнча баш тартууга тийиш. Аксакалдар соту аксакалдар сотунун мүчөсүнүн баш тартуу билдирүү же өзүнүн баш тартуусу жөнүндөгү арызды карап, анын жыйынтыгында иштин маңызы боюнча чечим кабыл алат. Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу аксакалдар сотунун өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечими боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-14)
