# 12-статья. Аксакалдар сотторун каттоо

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070#diff=799556..799557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 12-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-12

---

Ушул Мыйзамдын жоболорунун талаптарына ылайык уюштурулган аксакалдар соттору жергиликтүү кеңештерде катталат. Аксакалдар сотторун каттоо үчүн жергиликтүү кеңештерге ошол калктуу конуштун тургундарынын чогулушунун протоколу, болбосо аксакалдар сотун уюштуруу жана анын мүчөлөрүн шайлоону ырастаган тийиштүү коомчулуктун Кеңешинин конференциясынын протоколу, ошол аймакта жашагандардын сандык курамы жөнүндө мамлекеттик органдын маалымкаты, шайланган аксакалдар сотунун мүчөлөрү кол койгон аксакалдар сотун каттоо жөнүндөгү арыз, аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү берилет. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн тийиштүү коомчулуктун Кеңештеринин конференцияларында шайлоодо, ошол аймакта жашагандардын сандык курамы жөнүндөгү мамлекеттик органдын маалымкаты талап кылынбайт. Жергиликтүү кеңештердин талабы боюнча аксакалдар сотун уюштурууга байланыштуу башка документтер да берилет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-13)
