# 11-статья. Аксакалдар сотторун шайлоонун тартиби

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 апреля 2016 года № 46 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111325)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.04.2016 [Закон КР от 19 апреля 2016 года № 46 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111325); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 30.07.2003 [Закон КР от 30 июля 2003 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О судах аксакалов»"](https://aqlex.ai/kg/doc/1284)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070#diff=799557..799558>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 11-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-11

---

Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жашаган жери боюнча жарандардын жалпы чогулуштарында, ошондой эле коомчулуктун Кеңештеринин конференцияларында, жергиликтүү кеңештердин сессияларында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат. Аксакалдар сотторунун төрагаларын өздөрүнүн ичинен аксакалдар сотторунун мүчөлөрү шайлайт. Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш жергиликтүү кеңештер же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан же болбосо 50 адамдан кем эмес жарандардын демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн. Шайлоо күнү жөнүндө билдирүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бир ай мурда жүзөгө ашырылат. Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган жарандар соттун курамына шайланды деп эсептелинет. Эгерде чогулушка ошол калктуу конуштун аракетке жөндөмдүү 50дан кем эмес жарандары катышса, чогулуш ыйгарым укуктуу деп эсептелинет. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан төраганы жана катчыны шайлашат. Бир почта дареги боюнча жашаган жана бир үй-бүлөгө кирген адамдардын атынан алардын өкүлү (үй-бүлө башы же үй-бүлөнүн башка мүчөсү) чыга алат. Коомдук кеңештин, жергиликтүүкеңештердин сессияларынын чечимдерин кабыл алуунун тартиби алардын уставдары жана регламенттери менен жөнгө салынат. (КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-12)
