# 1-статья. Аксакалдар соттору

- Документ: [Аксакалдар соттору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1070)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 февраля 2024 года № 52 "О судах аксакалов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001722)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978); 12.06.2009 [Закон КР от 12-июня 2009 года № 181 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О судах аксакалов" "](https://aqlex.ai/kg/doc/202583); 30.07.2003 [Закон КР от 30 июля 2003 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О судах аксакалов»"](https://aqlex.ai/kg/doc/1284)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070#diff=799556..799557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1018/edition/799553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1070/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аксакалдар соттору жөнүндө, 1-статья (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-1

---

Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар. Аксакалдар соттору жарандардын, жергиликтүү кеңештердин чогулушунун чечими боюнча айылдык аймактардын, шаарлардын аймагында аксакалдардан - сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болгон эркектер жана аялдардан уюштурулушу мүмкүн. Аксакалдар соттору юридикалык жак болуп эсептелбейт жана юстиция органдарында катталууга алынбайт. Аксакалдар сотторунун аталышы жазылган мөөрү жана штамптары болот. (КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158, 2009-жылдын 12-июнундагы № 181, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1070/st-2)
