# 26-статья. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү киргизүүнүн тартиби

- Документ: [Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1057)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 14-июнундагы № 101 "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 26 февраля 2024 года № 57 "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002212)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1057/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1005/edition/890200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1057/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө, 26-статья (26.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1057/st-26

---

Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу берген ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү, соттордун бардык өкүмдөрүнүн көчүрмөлөрү, администрациянын жана байкоочу комиссиянын же жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиянын ой-пикирлерин көрсөтүү менен соттолгондордун иши жана жүрүм-туруму жөнүндө толук мүнөздөмөлөр, ошондой эле ырайым кылуу жөнүндөгү маселени кароо үчүн мааниге ээ болгон башка документтер жана маалыматтар тиркелип Президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөр Президенттин кароосуна соттолгонго карата ырайым кылууну колдонуу жөнүндө Комиссиянын сунуштары болгондо киргизилет. Эгерде Комиссия ырайым кылууну колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн негиздерди таппаса, бул жөнүндө Президентке маалымат берилет, ал эми арыз берүүчүлөргө ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү четке кагылгандыгы тууралу билдирилет.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1057/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1057/st-27)
