# 18-статья. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу

- Документ: [Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1057)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 14-июнундагы № 101 "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.02.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 26 февраля 2024 года № 57 "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002212)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1057#diff=13211..890201>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1057/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1005/edition/890200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1057/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө, 18-статья (26.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1057/st-18

---

(Аталышы Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон ар бир адам ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар, аларга мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомунун (аныктамасынын) көчүрмөлөрү тапшырылган күндөн тартып он сутканын ичинде ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен Президентке кайрыла алышат. Эгерде өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам көрсөтүлгөн мөөнөттө ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч бербесе же мындай өтүнүч менен кайрылгысы келбегендигин билдирсе, тергөө изоляторунун администрациясы ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тартуу жөнүндө акт түзөт. Өтүнүч же ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тартуу тууралу акт өтүнүч алынган же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тарткандыгы тууралу акт түзүлгөн күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен Президентке жөнөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1057/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1057/st-19)
