# 92-статья. Актуардык иш

- Документ: [Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/105)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 23-июлундагы № 96 "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 23.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89 "О страховании и страховой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 61 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об организации страхования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111340)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.05.2016 [Закон КР от 16 мая 2016 года № 61 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об организации страхования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111340); 28.05.2015 [Закон КР от 28 мая 2015 года № 122 "О внесении изменения и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111165)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/105#diff=1179451..1179452>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-93/edition/1179444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/105/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө, 92-статья (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-92

---

1. Актуарийдин милдети камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугунун жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн зарыл деңгээлин камсыз кылуу максатында камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрү боюнча милдеттенмелеринин өлчөмдөрүн экономикалык-математикалык эсептөөлөрүн жүзөгө ашыруу болуп саналат.

2. Актуардык иш өзүнө төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт:

1) камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтерин эсептөөнүн методологиясын жана экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу;

2) актуардык эсептөөлөрдүн маселелери боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;

3) камсыздандыруу резервдерин калыптандыруу усулдары жана булактары боюнча консультациялар жана сунуштамалар;

4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоого байланыштуу маселелер боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жана актуарийлердин өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмунун мүчөсү болуп саналган жеке жак актуарий катары чыгууга укуктуу.

4. Актуарий өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде мамлекеттик кызматта турууга укуксуз.

5. (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Актуардык ишке карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2015-жылдын 28-майындагы № 122, 2016-жылдын 16-майындагы № 61, 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-9-1)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-10)
