# 8-статья. Камсыздандыруу уюмдарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/105)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 23-июлундагы № 96 "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 23.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89 "О страховании и страховой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 117 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об организации страхования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205338)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/105#diff=1179448..1179449>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-93/edition/1179444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/105/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө, 8-статья (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-8

---

1. Камсыздандыруучулар ачкан күндөн тартып бир айлык мөөнөттө камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачууга укуктуу. Ал билдирүүдө филиалдын жана өкүлчүлүктүн почталык жана юридикалык дареги, жетекчилери, кызматкерлеринин саны, пландаштырылган камсыздандыруу ишинин масштабы менен мүнөзү, филиал жана өкүлчүлүк колдонгон расмий документтердин бланктарынын үлгүлөрү менен штамптардын түшүрүлгөн мөөрү көрсөтүлөт.

2. Камсыздандыруу резервдеринин каражаттарын жайгаштырууга башкы камсыздандыруу уюму гана укуктуу.

(КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-9)
