# 7-статья. Камсыздандыруу уюмунун капиталы

- Документ: [Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/105)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 23-июлундагы № 96 "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 23.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89 "О страховании и страховой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 117 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об организации страхования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205338)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/105#diff=1179448..1179449>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-93/edition/1179444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/105/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө, 7-статья (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-7

---

1. Камсыздандыруу уюмунун капиталынын негизин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген эң аз уставдык капиталдан аз эмес өлчөмдө толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт.

Караңыз: КР Министрлер Кабинетинүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

2. Уставдык капиталды түзүү акчалай таризде гана жүзөгө ашырылат. Капиталдын курамына уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан кошулган каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси жок камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы гана кирет.

3. Камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталына уюштуруучулар (акционерлер) кошкон каражат алар тарабынан өзүлөрүнө тиешелүү акцияларды сатуу аркылуу гана алынышы мүмкүн.

4. Камсыздандыруу операцияларын жүргүзүүгө лицензия алганга чейин камсыздандыруу уюму эң төмөнкү уставдык капиталын түзүүгө жана аны өзүнүн эсептешүү эсебине киргизүүгө милдеттүү.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети камсыздандыруу уюмдарынын уставдык капиталын түзүү жана көбөйтүү жана эң төмөнкү капиталды кармап туруу, колдонуудагы камсыздандыруу келишимдери боюнча алар камсыздандырган тобокелдиктердин чоңдугуна жараша ликвиддик активдердин болушунун маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат.

(КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-8)
