# 6-статья. Камсыздандыруу уюмдарын уюштуруунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/105)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 23-июлундагы № 96 "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 23.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89 "О страховании и страховой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов и судебной правовой реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112406)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/105#diff=1179455..1179456>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-93/edition/1179444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/105/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө, 6-статья (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-6

---

1. Кыргыз Республикасында камсыздандыруу уюму акционердик коом таризинде гана түзүлүшү жана иштеши мүмкүн.

Камсыздандыруу уюмдары Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө төмөнкүлөрдү түзө алышат:

1) туунду уюмдарды;

2) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү.

2. Жеке жана/же юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери, ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, камсыздандыруу уюмунун уюштуруучулары жана акционерлери боло алышат.

3. Камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алуу ниети бар жеке жана юридикалык жактар олуттуу катышууну сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жасаганга чейин 30 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын келип чыккан булагынын мыйзамдуулугун ырастоого, ошондой эле бенефициардык ээлерин кошуп алганда, өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.

4. Камсыздандыруу уюмунун капиталына төмөнкүлөр олуттуу катыша алышпайт:

1) алардын террористтик же экстремисттик иштерге катышкандыгы жана жапырт жок кылуучу куралдарды тараткандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде турган жеке жактар (Кыргыз Республикасынын жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынды санкциялык тизмеги);

2) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык түзүлүүчү, кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн аймагында жашаган жана/же катталган, же болбосо катышуучу катары кооптуулугу жогору өлкөлөрдө катталган аффилирленген жактары бар жеке жана юридикалык жактар;

3) экономикалык иштер чөйрөсүндө жасаган кылмыштары же мамлекеттик бийликке каршы жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу алынбаган же жоюлбаган жеке жактар;

4) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана аларды анык идентификациялоого жана юридикалык жактын катышуучуларын, бенефициардык ээлерин кошо текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү кандай гана болбосун башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо анык идентификациялоого жана юридикалык жактын катышуучуларын, бенефициардык ээлерин кошо текшерүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;

5) камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга жумшалган акча каражаттарынын келип чыккан булагынын мыйзамдуулугун ырастабаган жеке жана юридикалык жактар.

5. Ушул статьянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн жактар, же болбосо камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууда анык эмес (жалган) маалыматтарды берген жеке же юридикалык жактар, же болбосо ушул Мыйзамда коюлган талаптарга ылайык келбей калган жактар тарабынан камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга байланышкан бүтүмдөр арзыбаган бүтүмдөр болуп саналат.

Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө талап менен сотко кайрылат. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышуусу бар жактар жөнүндө маалыматтарды көз карандысыз реестр кармоочудан суратып алууга жана алууга укуктуу.

6. Ушул статьянын 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда мындай акциялар боюнча добуштар кворумду аныктоодо жана чечимдерди кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны чечимди маңызы боюнча кабыл алууга таасирин тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет.

7. Ушул статьянын 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышуусу бар жак алты айдын ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмундагы өзүнө таандык акциялардын санын олуттуу катышуудан төмөн деңгээлге чейин азайтууга милдеттүү. Ушул пункттун талаптары аткарылбаган учурда, камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул жактардын көрсөтүлгөн талаптарды аткаруусу үчүн сотко кайрылат.

(КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 117, 2022-жылдын 4-июлундагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-7)
