# 23-статья. Камсыздандыруу уюмдарын аудитордук текшерүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/105)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 23-июлундагы № 96 "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 23.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89 "О страховании и страховой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 117 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об организации страхования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205338)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/105#diff=1179448..1179449>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-93/edition/1179444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/105/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө, 23-статья (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-23

---

1. Камсыздандыруу уюмунда дайыма ички аудит жүргүзүлүп турууга тийиш, анын компетенциясына каржылык отчеттуулуктун аныктыгын ырастоо, эсептөөлөрдүн тууралыгына, камсыздандыруу резервдерин түзүүнүн жана анын пайдалануунун негиздүүлүгүнө, камсыздандыруу тарифтерин белгилөөнүн негиздүүлүгүнө контроль жүргүзүү кирет.

Камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын аткаруу органы аудиторго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга зарыл болгон бардык маалыматты анын алышын камсыз кылууга милдеттүү.

2. Камсыздандыруу уюмунун иши жыл сайын тышкы аудитордук уюмдар тарабынан текшерилип турууга тийиш.

Камсыздандыруу уюмунун аудити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген камсыздандыруу уюмдарын аудитордук текшерүү үчүн эң төмөнкү критерийлерге дал келиши керек. (КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-24)
