23-статья. Камсыздандыруу уюмдарын аудитордук текшерүү
Күчүн жоготкон · 29.04.2025 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 июля 2014 года № 117
1. Камсыздандыруу уюмунда дайыма ички аудит жүргүзүлүп турууга тийиш, анын компетенциясына каржылык отчеттуулуктун аныктыгын ырастоо, эсептөөлөрдүн тууралыгына, камсыздандыруу резервдерин түзүүнүн жана анын пайдалануунун негиздүүлүгүнө, камсыздандыруу тарифтерин белгилөөнүн негиздүүлүгүнө контроль жүргүзүү кирет.
Камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын аткаруу органы аудиторго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга зарыл болгон бардык маалыматты анын алышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Камсыздандыруу уюмунун иши жыл сайын тышкы аудитордук уюмдар тарабынан текшерилип турууга тийиш.
Камсыздандыруу уюмунун аудити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген камсыздандыруу уюмдарын аудитордук текшерүү үчүн эң төмөнкү критерийлерге дал келиши керек. (КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/105/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>