# 18-статья. Камсыздандыруучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/105)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 23-июлундагы № 96 "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 23.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 89 "О страховании и страховой деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июля 2014 года № 117 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об организации страхования в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205338)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/105#diff=1179448..1179449>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-93/edition/1179444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/105/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө, 18-статья (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-18

---

1. Өзүлөрүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн камсыздандыруучулар төлөө жөндөмдүүлүгүнүн ченемдиктерин жана өз каражаттарынын өлчөмүнө таянуу менен айрым тобокелдерди камсыздандыруу боюнча эң чоң жоопкерчиликтин ченемдиктерин сактоого милдеттүү.

Көрсөтүлгөн ченемдерди эсептөө усулу, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Караңыз: КР Министрлер Кабинетинүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 278 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык чендер жана пруденциялык чендердин аткарылышы жөнүндө отчет берүү тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

2. Өз каражаттарынын жана камсыздандыруу резервдеринин эсебинен аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча көлөмдө милдеттенмелер кабыл алган камсыздандыруучулар тиешелүү милдеттенмелердин аткарылышынын тобокелдигин кайра камсыздандыруучуларда камсыздоого милдеттүү.

(КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Министрлер Кабинетинүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 299 Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/105/st-19)
