# 8-берене. Бухгалтердик документтер

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете"](https://aqlex.ai/kg/doc/203656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032#diff=1120720..1120721>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 8-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-8

---

1. Бухгалтердик эсепти каттоого жазуу үчүн операция жүргүзүү фактысы катталган, анын ичинен электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ формасындагы баштапкы эсепке алуу документтери негиз болуп саналат. Баштапкы эсепке алуу документтери операция жасалган учурда, эгерде бул мүмкүн болбосо, операция аяктаар замат түзүлүүгө тийиш.

Бухгалтердик жазуулар кол менен кагазга жазуу аркылуу жана (же) эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумунун жардамы менен жүргүзүлөт.

2. Баштапкы документтер төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди:

документтин аталышын; документти толтуруу күнүн жана ордун; документ анын атынан (тапшыруусу боюнча) түзүлгөн субъекттин аталышын; чарбалык операциянын мазмунун; акчалай жана накталай түрдөгү чарбалык операцияларды өлчөгүчтөрдү; чарбалык операцияларды жүргүзүүгө жана анын туура жол-жоболоштурулушуна жооптуу кызмат адамдарынын аты-жөндөрүн; көрсөтүлгөн адамдардын койгон жеке колдорун камтууга тийиш.

3. Баштапкы эсепке алуу документтерин өз учурунда жана сапаттуу жол-жоболоштуруу, аларды бухгалтердик эсепте чагылдыруу үчүн билгиленген мөөнөттө берүү, ошондой эле алардагы маалыматтардын тууралыгы бул документтерди түзгөн жана ага кол койгон адамдар тарабынан камсыз кылынат.

4. Баштапкы эсепке алуу документтеринин негизинде чарбалык операциялар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууну контролдоо жана иретке келтирүү үчүн топтомо эсепке алуу документтери (регистр) түзүлөт. Бухгалтердик эсептин маалыматтарын топтоону жүргүзүүчү регистрлеринин формаларын субъекттердин өзүлөрү, бюджеттик мекемелерден башка, иштеп чыгат жана бекитет. Мында ыйгарым укуктуу органдар сунуш кылган башка формалар да колдонулушу мүмкүн.

5. Бухгалтердик регистрлерде маалыматтардын туура чагылдырышы үчүн жоопкерчиликти аны түзгөн адам тартат.

6. Бухгалтердик эсептин регистрлеринин, ички отчеттуулук жана башка документтердин мазмуну коммерциялык сыр болуп саналат. Жетекчинин (субъекттин менчик ээсинин) уруксаты, сот жана прокуратуранын чечими болмоюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда, бул документтердин мазмуну менен таанышууга эч кимдин укугу жок.

7. Текшерүүчүлөр, аудиторлор жана бухгалтердик эсептин регистрлеринде жана ички отчеттуулукта камтылган маалыматка кирүүгө мүмкүндүгү бар башка адамдар коммерциялык сырды сактоого милдеттүү. Аны элге тараткандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчилик тартышат.

8. Баштапкы эсепке алуу документтери алгачкы тергөө, алдын ала тергөө жана прокуратура, сот, салык органдары тарабынан гана алардын токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып коюлушу мүмкүн.

9. Субъекттин ыйгарым укуктуу кызмат адамы документтерди алып коюуну жүргүзгөн органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен алардын көчүрмөсүн алууга укуктуу. Мында көчүрмөдө документтерди алып коюунун негизи жана күнү көрсөтүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-9)
