# 7-берене. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү уюштуруу тартиби

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 09.08.2021 [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270); 07.12.2017 [Закон КР от 7 декабря 2017 года № 201 (6) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете"](https://aqlex.ai/kg/doc/111711)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032#diff=1120721..34505>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 7-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-7

---

1. Субъекттерде бухгалтердик эсепти уюштуруу, чарбалык операцияларды аткарууда мыйзамдарды сактоо, милдеттүү аудит жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн мыйзамда белгиленген учурларда жоопкерчиликти жетекчиси тартат, ал уюштуруу документтерине ылайык субъекттин атынан чыгууга укуктуу.

Субъекттин жетекчиси ички эсеп тутумун, отчеттуулукту жана контролду, чарбалык операцияларды контролдоо тартибин камсыз кылууга, тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык отчет даярдоону, салык отчетторун жана башка финансы документтерин даярдоону, эсептөөлөрдүн өз учурунда болушун камсыз кылууга милдеттүү.

2. Субъекттерде бухгалтердик эсепти уюштуруу:

а) башкы бухгалтер же жетекчи ыйгарым укук берген башка адам жетекчилик кылган түзүмдүк бөлүм катары бухгалтердик кызмат түзүү;

б) штатка бухгалтердин кызматын киргизүү;

в) келишимдик негизде адистештирилген уюмдардын же адис-бухгалтердин кызматынан пайдалануу;

г) бухгалтердик эсепти чакан ишкердиктин субъектинин субъекттин жетекчисинин жеке өзү жүргүзүшү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Акча, товардык-материалдык жана башка баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү үчүн негиз болуучу документтерге, субъекттин кредиттик жана расчеттук милдеттенмелерине, ошондой эле финансылык отчетторго жетекчи же ал аныктаган башка адамдар кол коюшат.

4. Айрым чарба операцияларын жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча субъекттин жетекчисинин жана башкы бухгалтердин же бухгалтердик эсепти жүргүзүүчү жактардын ортосунда ар кандай пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алар боюнча документтер мындай операцияларды ишке ашыруунун кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик тарта турган субъекттин жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен аткарууга кабыл алынышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Чарба жүргүзүүчү субъект деп "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны ылайык ушундай деп аныкталган субъект түшүнүлөт. Баалуулуктарды кабыл алуу, берүү жана сактоо кассалык операциялар деп түшүнүлөт. Валюталык баалуулуктар, банкноттор жана монеталар, баалуу кагаздар жана так отчеттуулук бланктары баалуулуктар деп түшүнүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылуучу жана жүгүртүүдө турган ар башка баадагы жана түрдөгү акча белгилери банкноттор жана монеталар болуп саналат. (КР 2017-жылдын 7-декабрындагы № 201 (6), 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-61)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-8)
