# 61-берене. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2021 [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270); 07.12.2017 [Закон КР от 7 декабря 2017 года № 201 (6) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете"](https://aqlex.ai/kg/doc/111711)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032#diff=1120719..1120720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 61-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-61

---

1. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи - финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну жыйноонун, сактоонун, жалпылоонун, талдоонун жана жарыялоонун бирдиктүү электрондук тутуму.

2. Ыйгарым укуктуу орган Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу:

1) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жыйнайт, сактайт жана жалпылайт;

2) Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийинин маалыматтарын мамлекеттик маалыматтык ресурстардын курамдык бөлүгү катары сактоону жана коопсуздугун камсыз кылат;

3) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды онлайн режиминде берүү үчүн субъекттерге зарыл болгон шарттарды камсыз кылат;

4) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды берүүнүн толуктугунун жана мөөнөттөрүнүн сакталышын текшерет;

5) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жарыялайт.

3. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүүнүн, башкаруунун жана финансылык отчеттуулукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) II Глава. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар (Главанын аталышы КР 2017-жылдын 7-декабрындагы № 201 (6) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-6)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-7)
