# 6-берене. Бухгалтердик эсепти мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 09.08.2021 [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 61 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете""](https://aqlex.ai/kg/doc/203868); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете"](https://aqlex.ai/kg/doc/203656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032#diff=1120721..34505>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 6-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-6

---

1. Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепке жалпы усулдук жетекчиликти камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик башкаруу органы катары ыйгарым укуктуу органдар республикада ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС жана КС ФОЭС жүргүзүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзөт жана алардын колдонулушун контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу органдар:

- ФОЭСти, ЧОИ үчүн ФОЭСти жана КС ФОЭСти мамлекеттик тилге которууну жана аларды жарыялоону камсыз кылат;

- Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзөт жана башкарат;

- бухгалтердик эсепти уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет;

- ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС жана КС ФОЭС ылайык бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жаатында билим берүү программаларын иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт;

- (абзац КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- кесиптик коомдук уюмдар менен кызматташтыкты жүзөгө ашырат жана бухгалтердик эсеп тутумун өркүндөтүү максатында туруктуу консультацияларды өткөрүп турат;

- ушул мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жаатындагы кесиптик иш республиканын мамлекеттик органдары тарабынан лицензияланууга жана сертификацияланууга тийиш эмес.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61, 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-5)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-61)
