# 5-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 января 2016 года № 2 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" и "О бухгалтерском учете")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111281)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 05.01.2016 [Закон КР от 5 января 2016 года № 2 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" и "О бухгалтерском учете")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111281); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 216 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203179); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032#diff=1120721..34505>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 5-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген бардык субъекттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк субъекттердин филиалдары менен өкүлчүлүктөрү бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.

11. Ушул Мыйзамдын жоболору банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондун кошпогондо, бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фонду боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен аныкталат.

21. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык иш жүргүзүүчү уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талаптар исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттарына ылайык аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик мекемелерде жана коммерциялык банктарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулук түзүүгө талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жана ушул Мыйзамга ылайык аныкталат.

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» КР Улуттук Банк Башкармасынын 2003-жылдын 3-декабрындагы № 33/2 токтомун караңыз; «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралуу» КР улуттук банкынын башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 токтомун караңыз

4. Салыктык эсепке алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 15-июлундагы № 216, 2016-жылдын 5-январы № 2, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-6)
