# 4-берене. Бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 61 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете""](https://aqlex.ai/kg/doc/203868)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2025 [Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029287) (күчүнө кире элек); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 61 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете""](https://aqlex.ai/kg/doc/203868)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032#diff=1120721..34505>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 4-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-4

---

1. Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары субъекттерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн бирдиктүү укуктук жана усулдук негиздеринин тартибин белгилөөчү ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунан жана башка конкреттүү объекттерге карата колдонулуучу бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун толук жана туура маалыматты түзүүнүн эрежесин аныктоочу башка ченемдик укуктук актылардан турат.

2. Бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун маселелерине тиешелүү башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылуучу ченемдер ушул Мыйзамга ылайык келиши керек. Ушул Мыйзамдын ченемдери менен башка мыйзамдарда камтылган бухгалтердик эсептин маселелерин жөнгө салуучу ченемдерде айырмачылыктар болгон учурда, ушул Мыйзам колдонулат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-5)
