# 15-берене. Бухгалтердик эсеп документтерин сактоо

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 15-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-15

---

1. Субъекттер баштапкы эсепке алуу документтерин, бухгалтердик эсеп регистрлерин, бухгалтердик эсептин жумушчу план-счетторун, финансылык отчетторду жана башка эсептик саясат документтерин кагаз жүзүндө же эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумдарында мамлекеттик архив иши жөнүндө мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген сактоо тартибине жана мөөнөтүнө ылайык мөөнөттүн ичинде сактоого милдеттүү.

2. Эсепке алуу документтерин, бухгалтердик эсеп регистрлерин жана финансылык отчетторду сактоону уюштурууга субъекттин жетекчиси жооптуу болот.

IV Глава. Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-16)
